Баткен районунун жашоочуларын алдап кеткен чет өлкөнүн жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Баткен ОИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен районунун төрт тургуну милицияга өзүн Тынчтык деп тааныштырган бейтааныш жаранга чара көрүүнү өтүнүп, арыз менен кайрылган. Жабырлануучулар ал апрель айында автоунааларын сатып алып, бирок акчасын белгиленген мөөнөттө берем деп, ошол бойдон акчасын бербей из жашырып кеткендигин айтышкан.
Бул фактылар боюнча Кылмыш жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында мурда сот жообуна тартылган 28 жаштагы О.М. аттуу чет өлкөнүн жараны Жалал-Абад облусунан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери улантылып жатканы кошумчаланды.