Эгер тажик тарап Кыргызстанга карата чек ара дооматтарынан баш тартпаса, Кыргызстан да тарыхый документтердин негизинде укуктук жактан коңшу өлкөгө доо коёт. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Анда атайын кызматтын башчысы кыргыз бийлиги чек ара боюнча жаңы документтерди тапканын, көптөгөн жер коңшу өлкөгө өтүп кеткенин ошол кагаздардын негизинде аныктап бере аларын айтты.
“Ушуга чейин коңшу өлкөлөр менен чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечели деп аракет кылып келгенбиз, дагы деле ошондой аракет кылабыз. Бирок ошол эле мезгилде айтып коюшум керек, биздин мамлекетибизге өткөн жылы агрессия болгону анык жана мындан ары андайга жол бербейбиз.
Тажикстан биздин мамлекетибизге чек ара боюнча территориялык доомат коюп келген. Биз андай эч кандай дооматтар болбошу керек деп жооп берип келдик. Биз жакынкы күндөрү жаңы документтерди таптык. Анын негизинде Кыргызстандын көптөгөн жери Тажикстанга өтүп кеткенин биз билебиз, аны юридикалык тарыхый документтер менен тактап бере алабыз. Эгер коңшу мамлекет Кыргызстанга койгон территориялык дооматынан баш тартпай турган болсо, анда биз өзүбүз юридикалык жактан ошол коңшуларга территориялык дооматтарды коёбуз”, - деди Ташиев.