Эстрада ырчысы Арсен 3-ирет ата статусуна ээ болуп, уулдуу болду. Ырчынын жубайы Бегайым 15-сентябрда Бишкектеги төрөтканалардын биринде уул баланы жарык дүйнөгө алып келди.
"Сүйүнчү. Биз көптөн күткөн ымыркайыбызга ата-эне болдук. Кудайга шүгүр, уулум экөөбүздүн тең абалыбыз жакшы. Уулум Жума намаздан кийин төрөлдү", - деп жазган ырчынын жубайы.
Арсен жубайы Бегайым экөө буга чейин 2 кызды тарбиялап келишкен.