Баткендин тургунун 50 миң долларга алдап кеткен жаран кармалды

Баткенде алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун тургуну милицияга бейтааныш аялга чара көрүү өтүнүнчү менен кайрылган. Жабырлануучу ал бир тууган инисин “абактан чыгарып, ага карата козголгон ишти кыскартып беремин” деп 50 миң доллар алып, алдап кеткендигин айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинини (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында 41 жаштагы Н.К. аттуу Баткен районунун тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланып жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Саман
2023-09-18 07:24:00
М..на лом тыгыш керек 50.000$ ды өмүр бойу таппайсыңго?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан