Бишкекте унаа уурдоого шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда Биринчи Май РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Биринчи Май РИИБине 2-сентябрда калаа тургуну унаасын уурдап кеткен белгисиз жарандарга чара өтүнүчү менен кайрылган. Жыбырлануучу ошол эле күнү саат 02:50 чамасында Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасын токтоп турган жеринен белгисиз жарандар айдап кеткенин билдирген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесинини (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) негизинде кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында 2003-жылы туулган А.Б., У.М., жана Ю.Р. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланып жатканы кошумчаланды.