Жайыл районунун улук сот аткаруучусу пара алып жаткан жеринен кармалды (видео)

Чүй облусунун Жайыл райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн улук сот аткаруучусу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда УКМКнын басма сөз кызматынан бидирди.

Маалыматка ылайык, кечээ кызматтык кеңсесинде 26 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Жайыл районунун улук сот аткаруучусу Р.К. кармалды.

"Кылмышка шектүү буга чейин Кара-Балта шаарында жайгашкан Т.К. аттуу жаранга таандык дүкөндү жана батирди камакка алган. Ал маселени оң жагына чечип берүү үчүн жабырлануучудан 500 доллар талап кылган", - деп айтылат маалыматта.

Шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.

Видео: УКМКнын маалымат кызматы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан