УКМК Таластын "инкарчы" тургуну идеологиясынан баш тартканын билдирди

Талас облусунун тургуну "Йакын инкар" диний экстремисттик идеологиясынан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК Талас ОИИБинин кызматкерлери менен биргеликте облус аймагындагы “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымынын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча иш-чараларды жүргүзгөн.

"14-сентябрында жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаранын жыйынтыгында сот тарабынан тыюу салынган аталган диний экстремисттик уюмдун тарапкери 1990-жылы туулган Ш.С.Э. өзүнүн тандап алган диний багытынын катачылыгын түшүнүп, зыяндуу экстремисттик идеялардан баш тартып, жарандарды бул кыймылдын мыйзамсыз идеологиясына алдырбоого чакырды", - деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары дагы эки киши менен профилактикалык түшүндүрүү иши жүргүзүлгөнү кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Саман
2023-09-18 07:25:00
Бул самтыранан лөлүлөр тойгозду , камаш керек буларды ошондо тыйылат. Кебетесин 80 деги абышкадай 33 эле жашта экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан