Ал Уитни Хьюстондун "I Have Nothing" ырын аткарганы үчүн калыстар тобунун толук 100 упайын алды.
Бул шоунун бешинчи мааракелик сезону. Долбоордун башкы байгеси - беш миллион рубль.
Азат Раимбердиев "Дэльмар" тобунун солисти.
Кыргызстандык ырчы Азат Раимбердиев Орусиянын популярдуу вокалдык "Ну-ка, все вместе!" шоусунун жарым финалына өттү.