"Супер концерт-2013": Даниель:"Айрылуу" деген сөз чыгармаларда гана жаңырып турсун"
Бүгүн, 13-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында жылдын мыктыларын аныктаган концерт өтүүдө. Учурда “Супер концерт-2013” уланууда. "Жылдын супер клиби" наамына талапкер ырчы Даниель "Айрылуу" аттуу ыры менен сахнага чыкты. "Концерт мыкты деңгээлде өтүп жатат. Бардык катышуучуларга ийгилик каалайм. "Айрылуу" деген сөз чыгармаларда гана жаңырып турсун",- деди ырчы.