17-сентябрга карата аба ырайы 

17-сентябрда түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматында айтылат.

Ага ылайык, күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге дейре, айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26,

Талас жергесинде түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31,

Ысык-Көлдө түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25,

Нарын дубанында түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25,

Бишкекте түнкүсүн +12…+14, күндүз +24…+26 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан