Ырчы Айгерим Расул кызы Орусияда өтө турган “LADY OF WORLD” сынагына катышуу үчүн Сочиге жөнөдү. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
“Сочиге сапар алдык. Ар бир каалоо-тилегиңиздер менин жүрөгүмдө”, - деп жазды ал.
Ырчы буга чейин аталган сынакка 12 өлкөдөн 40 катышуучу чоң байгеге ат салышарын билдирген.
Ошондой эле “Дүйнө айымы” сынагына Кыргыз өлкөсү биринчи жолу катышып, ага алгачкылардан болуп бара жатканына сыймыктанарын айткан.