"Мурас Юнайтед" клубу Кыргызстандын кубогун утуп алды

Жалал-Абаддын "Мурас Юнайтед" футболдук клубу Канттын "Абдыш-Ата" клубун жеңип, Кыргызстандын кубогуна ээ болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдирди.

Финалдык оюн күн мурун Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Футболдук беттеш 2:1 эсебинде "Мурас Юнайтед" клубунун жеңиши менен аяктады.

Бул жеңиш "Мурас Юнайтед" клубуна 2024-жылы Кыргызстандын Супер кубогу үчүн беттеште ойноого, ошондой эле АФК Кубогунун 2024-жылкы сезонуна тандоо оюндарына катышууга мүмкүнчүлүк берет.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Кубогу 32-жолу ойнотулду. "Мурас Юнайтед" - премьер-лиганын дебютанты, "Абдыш-Ата" - Кубоктун беш жолку жеңүүчүсү жана өлкөнүн учурдагы чемпиону.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан