Кыргыз балбаны Тайырбек Жумашбеков Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда коло байге утту.
Эркин күрөш боюнча 61 килограмм салмакта Дүйнө чемпиондугуна катышкан Тайырбек Жумашбеков коло байге үчүн күрөштө япониялык Кодай Огава менен кез келип, атаандашын 2:1 эсебинде жеңди.
Муну менен Тайырбек Жумашбек уулу Кыргыз курамасына алгачкы медалды алып келди.
Ошондой эле коло байге үчүн 70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев дагы күрөшүп, болгариялык Рамазан Рамазановго утулуп калды.