13-декабрда "Супер концерт-2013тө" көрүүчүлөр залдын 100 пайызын ээледи

Кечээ, 13-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында "Супер-Инфо" гезитинин жылдын мыктыларын аныктаган концерти болуп өттү. Көрүүчүлөр залдын 100 пайызын ээлеп, мыкты маанайда отурушту. Буга элдин жылмаюусу далил боло алат. 
Сахнанын жасалгасынан тартып, уюштуруу иштери мыкты деңгээлде өтүп, көрүүчүлөрдүн көңүлүн алганга жетишти. 
Алтынай Нарбаева, Нурлан Насип, Аваз Акимов, Дайыр Исмадияров жана башка таланттуу эстрада ырчыларынын катышуусундагы концерт сулуулар сынагы менен коштолду. 
Жарым жылдан бери жүргүзүлүп жаткан «Супер сулуу-2013» сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчү Орункүл Шабралиева экзотикалык өлкөгө жолдомо алды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azamatnur
2013-12-14 12:35:34
Bars agaidy taaanudym :)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан