Ошто ойноп жаткан жеткинчекти сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды (видео)

Оштун Жапалак айылында үйүнүн жанында ойноп жаткан жеткинчекти сүзүп, андан кийин кетип калган айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Жапалак айылында үйүнүн жанында ойноп жаткан 2014-жылы туулган М.А. аттуу жеткинчекти мамлекеттик номери белгисиз Деу Нексия үлгүсүндөгү унаа сүзүп, белгисиз тарапка кетип калган.

Издөө иш-чараларын негизинде унаа табылып айдоочусу Ош облусунун Кара-Суу районунун 2001-жылы туулган К.К. аттуу тургуну экендиги аныкталган.

Унаа айып короого коюлуп айдоочусу тергөө кызматына жеткирилген.

Ошто өспүрүмдү сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан