"Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын жана дүйнөнүн эки жолку чемпиону, орусиялык балбан Заур Угуев Белградда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалында сенсациялуу түрдө утулуп калды.
57 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Угуев 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугунун коло байге ээси сербиялык Стеван Мичич менен беттешип, акыркы секунддарда 7:9 эсебинде утулуп калды.
16-сентябрдан 24-сентябрга чейин Белградда Олимпиадага чейинки күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө. Акыркы эки жылда биринчи жолу дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) Орусия менен Беларустун балбандарына күрөш боюнча негизги турнирге катышууга уруксат берди, бирок нейтралдуу статусу (AIN) менен гана.