Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жолго чыга турган айдоочулардан унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып чыгууну эскертти. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.