Бүгүн, 18-сентябрда Белградда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери өтөт.
Бүгүнкү беттештерде эркин күрөш боюнча 65 жана 97 килограмм салмактагы балбандар күч сынашат.
Кыргызстандын атынан 65 килограмм салмакта Икромжон Хаджимуродов чыгат. Анын алгачкы атаандашы орусиялык Шамиль Мамедов болот.
Белгилей кетсек, 65 килограмм салмак Олимпиадалык салмак болгондуктан бүгүн ушул салмакта Олимпиада лицензия ойнотулат.