Күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда орусиялык Абасгаджи Магомедовдон жеңилип калган украиналык балбан Валентин Блесецкий орусиялык спортчу менен кол алышуудан баш тартты.
Окуя эркин күрөш боюнча 61 килограммга чейинки салмак ченинде чейрек финалдык беттештен кийин болгон. Украиналык балбан Магомедовго 4:16 эсебинде утулду. Беттештин аягында Блесецкий Магомедовдун сунган колун кабыл алган жок.
Бул боюнча Абасгаджи Магомедов үн катты. "Матч ТВ" басылмасына берген маегинде ал буга капаланбай турганын айтты.
"Капа болбойм, мен ага эч кандай маани бербейм. Менин милдетим килем үстүндө бардыгын далилдөө. Атаандашымдын кол алышкысы келбегенине көңүл деле бурган жокмун. Мындай болорун алдын ала билгем. Жаман эч нерсе болгон жок. Ким кааласа кол алышат, каалабаса алышпайт. Бул ар кимдин өз эрки. Биз боорукер адамдарбыз, колубуз ар дайым ачык", - деген Магомедов.
Белгилей кетсек, Абасгаджи Магомедов 2021-жылы Ослодо өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда алтын байге уткан.