Кыргызстанда бир аптада 20 миңге жакын жол эрежелерин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, 11-сентябрдан 17-сентябрга чейин 19 миң 800 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу- 253;
- Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -301;
- Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-33;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежесин бузуулар- 825;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-3001;
- Авто ээнбаштык - 3;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 4849;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 607;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1397 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.