Лондондо Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык сыйлыкты тапшыруу аземи өттү

12-декабрда Лондон шаарында үчүнчү жолу Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык сыйлыкты тапшыруу аземи жана жазуучунун 85 жылдык мааракесине арналган адабий кече болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Быйыл Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыктын лауреаты белгилүү кыргыз режиссёру Болот Шамшиев болду. Ал сыйлыкты алыш үчүн атайын Лондонго чакырылган. Мындан тышкары сыйлыктар Лондон университетинин School of Oriental and African Studies мектебинин Борбор Азия өлкөлөрү боюнча адиси Ширин Акинерге, "Open Central Asia" журналынын негиздөөчүсү Ник Рованга, Борбор Азиядагы Америка университетинин президенти Эндрю Вахтелге, Алматыдагы Мухтар Ауэзовдун мемориалдык үйүнө жана башкаларга ыйгарылды.

Белгилей кетсек, аталган сыйлык 2011-жылдан бери жазуучунун руханий мурастарын дүйнөгө таркатууга салым кошкондорго Айтматов академиясы тарабынан ыйгарылып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан