Beeline Баткенде жана Жалал-Абадда майрам уюштурат

Быйыл Beeline Кыргызстан компаниясы 25 жашка толду. Бул иш-чаранын урматына уюлдук оператор өлкөнүн түштүк аймактары үчүн музыкалык белек даярдады: Баткен жана Жалал-Абад шаарларында кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда акысыз концерттер өткөрүлөт.

Beeline Баткен жана Жалал-Абад шаарларынын тургундарын жана конокторун шаӊдуу музыкалык шоуга чакырат. Көрүүчүлөрдүн алдында Нурлан Насип, Арсен, Милана, Нурила, Сайкал Садыбакасова өнөрлөрүн тартуулашса, иш-чараны Айзада Жамгырчиева алып барат.

Майрамдык концерттер:

• Баткен шаарында - 20-сентябрда саат 18:30да Борбордук стадиондо.

• Жалал-Абад шаарында - 22-сентябрда саат 18:30да Токтогул Сатылганов атындагы сейил багында (Барпы атындагы театрдын жанында) өтөт.

Сизге көптөгөн жаркын эмоцияларды жана жакшы маанай тартуулай турган масштабдуу иш-чараны өткөрүп жибербеңиз. Beeline компаниясынын мааракесин сиздер менен майрамдоого кубанычта болобуз!

Beeline: 25 жыл бою ар бир адам үчүн мүмкүнчүлүктөр!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан