Түркияда жер титирөө учурунда бузулбай калган көп кабаттуу үйлөр бузулду (видео)

Түркияда февраль айындагы жер титирөөдөн кийин жараксыз деп эсептелген көп кабаттуу үйлөрдү кулатышты. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.

Маалым болгондой, Түркиянын Малатия шаарында жергиликтүү бийликтин чечими менен 15 кабаттуу үйлөрдүн бүтүндөй блогу жардырылды. Алар февраль айындагы катуу жер титирөөнүн натыйжасында жараксыз болуп калган.

Жардыруучу ыкма менен көп кабаттуу тогуз турак-жайды бузуу үчүн 1660 килограмм жардыргыч зат колдонулган. Жалпысынан Түркияда жер титирөөдөн кийин алты миңден ашык турак-жай бузулган.

Эске салсак, Түркияда 2023-жылдын февраль айында катуу жер титирөө болгон. Күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө 18 провинцияда сезилген. Анын натыйжасында 50 миңден ашык адам курман болуп, 680 миң турак жай кыйраган.

Бул боюнча кылмыш иштери козголуп, 200дөн ашуун адам камакка алынган. Адистердин айтымында, талкаланган имараттардын көпчүлүгү сапатсыз материалдардан курулган.

тҮРКИЯДА ИМАРАТТАР ТАЛКАЛАНДЫ
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан