Таластык тургундун үйүнөн 7 килограммдан ашык марихуана табылды

Талас облусунун аймагында баңгизаттарды сатуу каналы аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Н.А. аттуу жаран Токтогул районунан алып келинген баңгизатын сатуу менен алектенгени аныкталган. Жогорудагы факты боюнча, чогултулган материалдардын негизинде кылмыш иши козголуп, анын алкагында Н.А.нын жашаган жерине тинтүү жүргүзүлүп, жалпы салмагы 7,5 килограмм болгон өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү заттар (болжолдуу түрдө “Марихуана”) табылып, алынган.

Учурда соттук-химиялык экспертиза дайындалып, бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан