"30 жыл күттүк го". Казакстандыктар Дүйнө чемпиону болгон балбандын машыктыруучуларына нааразы болду

Кечээ, 18-сентябрда Белградда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда коңшу казакстандык балбан Ризабек Айтмухан Дүйнө чемпиону болду.

Ал финалда азербайжандык Осман Нурмагомедовду 4:2 эсебинде утту. Муну менен ал Казакстандын тарыхында эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпиону болгон алгачкы балбан болду.

Беттештен кийин ал машыктыруучусуна барып желек сураганда машыктыруучусу желек жок дегендей ишарат кылды. Жыйынтыгында Ризабек Айтмухан машыктыруучусу экөө кол кармашып килемди айланып чуркады.

Финалдык беттештен кийин көпчүлүк казакстандыктар Дүйнө чемпиону болгон балбандын машыктыруучулары менен Казакстандын күрөш федерациясын сынга алышууда. Күйөрмандар машыктыруучулардын Казакстандын желегин финалдык беттешке албай чыкканына нааразычылыктарын билдиришти.

"Казакстандын тарыхындагы алгачкы Дүйнө чемпионуна көк туунун табылбаганы аттиң";

"Алтын утпайбыз туу кереги жок деп эле чыккандай";

"Эмне деген шумдук? Ошол жерде канча мекендешибиз отурду, бир туу жокпу?"

"Бул жеңишти 30 жыл күттүк го, тарыхый жеңиш болду го, федерация эмнеге карабайсыңар?" деп нааразычылыктарын билдиришүүдө казакстандык күйөрмандар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан