ЭЛДИК КАБАР: Баткендин тургуну таза суу чыкпай түйшүккө кабылганын айтат

Баткен шаарынын Кызыл-Дөң кварталынын Ак-Таш кварталында таза суу чыкпай эл кыйналып жатат. Аталган билдирүү жергиликтүү тургун тарабынан ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө келип түштү.

"Биз күндүзү жумушта болобуз, кичинекей балдарыбыз көчөдөн суу ташышат. Көчөдөн чыккан суу сааты менен чыгып эле токтоп калат. Балдарыбыз мектепке барышат. 24 саат чыга турган сууга 5 миллион евро акча сарпталган болчу. Азыр суу чыкпай жатат. Эл үчүн эмнеге иштебейт? Жоопкерчилик ала турган бирөө барбы деги?" дейт тургун кайрылуусунда.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан