Бүгүн, 19-сентябрда Белградда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун төртүнчү күндүк беттештери уланат.
Мелдештин төртүнчү күнүндө 50, 55, 57 жана 76 килограммга чейинки салмак категориялары боюнча кыз-келиндер күч сынашышат.
Кыргызстандын атынан олимпиадалык салмак категориясында эки балбан килемге чыгат.
57 килограммга чейинки салмак ченинде Калмира Билимбек кызы алгачкы жүрүшүн 1/32 финалдык баскычта баштайт. Анда ал түштүк кореялык Янжин Квон менен кез келет.
Ал эми 76 килограммга чейинки категорияда күч сынашкан Айпери Медет кызы 1/16 финалдык баскычта румыниялык Каталина Аксенте менен беттешет.
Кыргызстандык эки кыз тең буга чейин атаандаштары менен жолуккан эмес. Беттештер Бишкек убактысы боюнча 14.30да башталат.