АКШ Ирандын абагындагы жарандарын 6 миллиард долларга алмашты

Иран бийлиги бир нече жыл өлкөнүн түрмөлөрүндө отурган жана барымтага алынган беш америкалыкты АКШга кайтарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалым болгондой, Тегеран АКШ жарандарын өткөрүп бергени үчүн Түштүк Кореядагы эсептерде сакталган 6 миллиард долларына ээ болду. Бул каражат ирандык мунай сатуудан түшкөн жана Тегеран аларды санкциялар менен чектелбеген гуманитардык программаларга колдонушу керек болчу. Бирок ар кандай себептерден улам Иран бийлиги каражатты колдоно алган эмес.

Келишим Катар бийлигинин ортомчулугу менен макулдашылган. Акча которуу тастыкталгандан кийин төрт эркек жана бир аял (алар дагы Ирандын жарандары) Катарга жеткирилген. Ал жактан боштондукка чыккандар АКШнын расмий өкүлдөрү менен жолугушуп, андан соң Вашингтонго жөнөтүлгөн.

Эркиндикке чыккан америкалык жарандардын арасында 51 жаштагы ишкер Сиамак Намази (иран түрмөсүндө сегиз жыл отурган), 59 жаштагы бизнесмен Эмад Шарги жана 67 жаштагы жаратылышты коргоочу Морад Тахбаз жана ысымын атагысы келбеген эки жаран бар.

Камалгандар боюнча АКШ Иран атайын Вашингтондун рычагына ээ болуу үчүн негизсиз айыптар менен аларды түрмөгө камады деп эсептейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан