Бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинде Укук бузуулар жөнүндө кодекс менен “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралууда.
Сунушталган мыйзам долбоору колдоо тапса талапка ылайык келбеген, тагыраагы кайсы бир жеринде мүчүлүштүгү бар туу, гербдерди саткандарга жана колдонгондорго чара көрүлөт. Жыйында сатуучуларга алгач аларды 30 күндүн ичинде сатыктан алып салуу боюнча эскертүү берилери, талап аткарылбаган учурда жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып пул салынары айтылды.
Талкуу маалында депутат Дастанбек Жумабеков сунушталган мыйзам долбоорун сынга алды.
"Бул өтө туура эмес. Өнүрүштө мүчүлүштүк болсо, өндүрүүчү жоопкер. Сатуучуда эмне күнөө? Ал билбейт да. Алат, кайра сатат. Тартипке чакырам десеңер, өндүрүүчүлөрдү таап, чара көргүлө! Сатуучуларга айып салганыңар акылга сыйбаган жорук. Аны да үстөк пайыз менен кылып коюпсуңар. Бул болбойт", - деди Жумабеков.
Баяндамачылар буга чейин өндрүүчүлөргө чара көрүлүп келгенин, бирок туу, герб өңдүү мамлекеттик символдордун сувенирлери Кытайдан жана башка мамлекеттерден келип аткандыктан улам, өндүрүүчүлөргө чара көрүү мүмкүн болбой жаткандыгын белгилеп, мындан улам сатуучуларга да жоопкерчилик кароо зарылчылыгы жаралганын айтышты.