
Эртең, 20-сентябрдан баштап Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, нөшөрлүү жаан жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
"Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кыргызгидромет кызматы шашылыш билдирет! 20-22-сентябрь күндөрү өлкөнүн аймагында аба-ырайы кескин өзгөрүп, 20-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, айрым жерлерде катуу жаашы, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт", - деп жазылат билдирүүдө.
Ошондой эле министрлик Нарында үшүк жүрүшү мүмкүн экенин эскертти.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону, айыл чарба жумуштарын кыйындатат.