Кыргызстан Канададан сатып алган эки учактын ар биринин баасы болжол менен 6 миллион доллар. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун жетекчиси Манасбек Самидинов маалымат жыйында айтты.
"Баасын айтсак, болжол менен 6 миллион доллардын тегерегинде. Бул учактар 2013-жылкы. 2013-жылкы учактар авиацияда жакшы эле көрсөткүч. Биз азыр колдонуп жүргөн учак 80-90-жылкы учактар", - деди ал.
10-сентябрда Брюсселде De Haviland Aircraft of Canada өндүрүүчү компания менен келишимге кол коюлган. Dash-8-400 үлгүсүндөгү 80 орундуу учактар Кыргызстанга 2024-жылдын май айында жеткирилет.