
Бишкек шаарынын перинаталдык борборунда 15-сентябрь күнү үч эм төрөлдү. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, Октябрь районунун 34 жаштагы тургуну кесарево жолу менен кош бойлуулуктун 36-жумасында үч эм төрөгөн. Наристелер 3300 грамм, 3660 грамм жана 3445 грамм салмакта төрөлгөн.
"Жаңы төрөлгөн ымыркайлар балдардын жандандыруу бөлүмүндө жаткырылып, керектүү медициналык жардам көрсөтүлдү. Абалы турукташкандан кийин ара төрөлгөн балдарга кам көрүүнүн 2-баскычы бөлүмүнө которулган. Бүгүнкү күндө эне жана жаңы төрөлгөн ымыркайлардын абалы канааттандырарлык, ооруканадан чыгарууга даярданып жатабыз", - деди Шаардык перинаталдык борбордун башкы дарыгери Жамиля Марипова.