УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев былтыр сентябрда Тажикстандын кол салуусунан жаракат алган чек арачы Дастан Шариповго батирдин ачкычын тапшырды.
Бүгүн, 19-сентябрда Ташиев кыргыз-тажик тилкесиндеги атышуу учурунда согуштук жаракаттарды алган, чек ара кызматкери Шарипов Дастан Абдрасулович менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда Ташиев чек арачыга Бишкек шаарындагы 3 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Мындан сырткары, УКМК төрагасы согуштук аракеттерде эрдикти жана духту көрсөткөн уулду тарбиялап өстүргөн Дастан Шариповдун ата-энесине терең ыраазычылык билдирди жана өсүп келе жаткан жаш муундарга үлгү экендигин белгиледи. Ошондой эле Ташиев К.К. согуштук аракеттерге катышкан баатырлардын эмгегин мамлекет эч качан унутпай турганын кошумчалады.
Маалымат иретинде: 2022-жылдын 16-сентябрында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги атышуу учурунда, Дастан Шарипов миномёттун жарылуусунан жаракат алып, оң бутунун тизесинен ылдый жагынан айрылган, ошондой эле сол бутунан күйүк алып, денесинен майда темирдин сыныктары алынган.