"Көпчүлүк аймакта жаан жаайт". Эртеңкиге карата аба ырайы

Эртең, 20-сентябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кыргызгидромет борбору Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн экенин эскертти.

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсүн +8…+13, күндүз +14…+19 градус болсо,

Талас жергесинде түнкүсүн +3…+8, күндүз +12…+17 даражага жетет.,

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +15…+20,

Ысык-Көл облусунда термометр көрсөткүчү түнкүсүн +6…+11, күндүз +11…+16 болсо,

Нарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +11…+16 градус жылуу болот.

Бишкекте түнкүсүн +8…+10, күндүз +16…+18 градус.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан