Чукул билдирүү! Өлкөдө аба ырайы кескин өзгөрөт

Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда ӨКМ билдирип, шашылыш билдирүү таратты.

Белгиленгендей, 20-22-сентябрь күндөрү өлкө аймагында күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектериндеги райондорунда суунун дэңгээли көтөрүлүшү жана сел жүрүшү мүмкүн.

Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону, айыл чарба жумуштарын кыйындатат.

ӨКМ жарандарды сак болууга чакырып, кырсык катталган учурда "112" бирдиктүү кызматына чалуу керектигин эскертти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан