Бүгүн, 19-сентябрда Белградда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун төртүнчү күндүк беттештери уланууда.
Анда кыргыз балбан кызы Калмира Билимбек кызы алгачкы жүрүшүн 1/32 финалдык баскычта баштады. Бул баскычта ал түштүк кореялык Янжин Квон менен кез келип, атаандашын беттеш бүтөрүнө 1 мүнөттөн ашык убакыт калганда 14:3 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди.
Муну менен Калмира Билимбек кызы Дүйнө чемпиондугунун 1/16 финалга чыкты.