Күрөш: Айпери Медет кызы дагы атаандашын мөөнөтүнөн мурда жеңди

Бүгүн, 19-сентябрда Белградда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун төртүнчү күндүк беттештери уланууда.

Дүйнө чемпиондугуна 76 килограмм салмакта катышкан Айпери Медет кызы алгачкы жүрүшүн 1/16 финалда баштады. Анда ал румыниялык Каталина Аксенте менен кез келип, атаандашын биринчи бөлүктө эле 11:0 эсеьинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.

Муну менен Айпери Медет кызы 1/8 финалга чыктын. Ал жактан Айпери Медет кызы германиялык жана колумбиялык балбан кыздардын жеңүүчүсү менен кез келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Аkjol18
2023-09-19 16:04:00
Олимпиадада биринчи алтынды Айпери алат деп ойлоймун. Себеби мурункуда ызаасы ичинде калганбы. Баардык беттештерге күчтүү даярдыкта барат.
+1
Аkjol18
2023-09-19 16:26:00
Калган балбандарыбызда жолдомо утуп, желегибизди желбиретип келишсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан