Күрөш боюнча Белградда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда коло байге уткан кыргыз балбаны Тайырбек Жумашбек уулу дүйнөлүк рейтингде экинчи орунга көтөрүлдү. Мындай маалымат Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) расмий сайтына жарыяланды.
Тайырбек Жумашбеков жалпы 68 миң упайы менен экинчи орунга жайгашты. Биринчиге 69 миң 900 упайы менен грузиялык Шота Партенадзе жайгашса, үчүнчүнү Белградда алтын уткан америкалык Виталий Аруджау ээледи.
Белгилей кетсек, Тайырбек Жумашбек уулу коло байге үчүн күрөштө япониялык балбанды жеңип, Кыргызстанга алгачкы жана учурда жалгыз медалды алып келген.