Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясында Тоолуу Карабахтагы кырдаал боюнча сөз сүйлөдү.
"Карабах Азербайжандын аймагы жана муну баары түшүнөт. Региондогу башка статустар кабыл алынгыс. Түркия Азербайжандын аймактык бүтүндүгүн сактоого багытталган кадамдарын колдойт", - деди Эрдоган.
Ал белгилегендей, Карабахта азербайжандар менен армяндардын тынчтыкта жанаша жашоосу башкы максат болушу керек.
"Биз башынан эле Азербайжан менен Армениянын ортосундагы сүйлөшүү процессин колдогонбуз, бирок Армения бул тарыхый мүмкүнчүлүктү туура баалаган жок. Биз Армениянын буга чейин берген убадаларынын аткарылышын, анын ичинде биринчи кезекте Зангезур коридорун ачышын күтөбүз", - деди түрк лидери.
Кечээ, 19-сентябрда Азербайжан күтүүсүздөн Тоолуу Карабахта атайын операция башталганын жарыялаган. Буга нааразы болгон армениялыктар Ереванга чогулуп, полиция менен кагылышкан.