Нарындагы Калмак-Ашуусунда МАН унаасы тыгылып калып, айдоочусу дайынсыз жоголду

Нарындагы Калмак-Ашуусунда чыга албай туруп калган жүк ташуучу унаанын айдоочусу изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
19-сентябрь күнү Нарын облусунун Кочкор районунда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун болжол менен 275-чакырымында (Калмак-Ашуу ашуусу) МАН үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа ашуудан чыга албай, жолду тосуп калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Саат 23:15те ыкчам түрдө жерине 3 куткаруучу тартылган. Бирок куткаруучулар жерине жеткен учурда токтоп турган унаанын айдоочусу жок болуп чыккан.
Айдоочу Беларусь өлкөсүнүн жараны. Учурда ал изделүүдө.
Министрлик кошумча маалымат берилерин билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан