Кечээ, 19-сентябрда курамында португалиялык чабуулчу Криштиану Роналду ойногон Сауд Арабиянын “Аль-Наср” клубу ирандык “Персеполис” командасын жеңди.
Азия чемпиондор лигасынын тайпалык баскычынын 1-турунун алкагында өткөрүлгөн беттеште 2:0 эсеби менен сауд арабиялык команда жеңишке жетти. Оюн Тегеран шаарындагы "Азади" стадионунда өттү.
"Ал-Насрдан" Абдулрахман Гариб (62-мүнөттө) менен Мохамед Кассем (72-мүнөттө) гол киргизишти.
Ал эми Роналду талаага негизги курамда кирип, бирок кошумча убакытта алмаштырылды. Байкоочулар португалиялык футболчудан эч кандай эффективдүү аракеттерди байкаган эмес.
Эске салсак, 18-сентябрда "Аль-Наср" клубу Азия Чемпиондор Лигасында алгачкы тайпалык оюнун көрсөтүү үчүн Иран өлкөсүнө барышкан. Ал эми оюн жакында гана реконструкциялоо үчүн жабылган "Азади” стадионунда болору айтылган. Кечээ 90 миң көрүүчү үчүн ылайыкталган стадиондогу оюн көрүүчүлөрсүз өттү.