1-январдан баштап ОСАГОсу жок айдоочуларга айып салына баштайт

2024-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда ОСАГО камсыздандыруу полиси жок айдоочуларга айып пул салына баштайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматкери Тилек Исаев билдирди.

"2024-жылдын 1-январынан баштап унаа каражаттарын милдеттүү камсыздандыргандыгы тууралуу документтер талап кылына баштайт.

Азыркы учурда сырттан келген унааларга жана мамлекеттик унааларга талап кылынат. Азыр Милициянын кайгуул кызматынын бардык унаалары өткөн, тиешелүү документтерибиз бар. Ал эми жеке унаалар үчүн 2024-жылдын 1-январынан баштап милдеттүү түрдө талап кылынат", - деди Исаев.

Бийлик унааларды онлайн-камсыздандырууну көздөөдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
XATSAN125
2023-09-20 11:44:00
ОСАГОНУН эмне кереги бар ал деген жон эле элдин чонтогуно кол салмай да
+2
XATSAN125
2023-09-20 11:45:00
Мамлекеттик болсо бир жон частныйлардын кереги жок ОСАГА Каско сасколордун
+3
Ajikulov Aibek
2023-09-20 13:59:00
Пайдасы элге тийбесе, эмне кереги бар? Осаго деги керекби?
+1
Azat-123
2023-09-20 14:37:00
Кыргызстанга азырынча страховка ОСАГО бир аз эрте, андан көрө двухсторонний жолдордун ортосуна полоса сызыктарды көп сызгыла, а то жолду ээлеп встречкага чыккан айдоочулар толуп кетти, даже айылдын ичиндеги автожолдорго дагы сызыш шарт, жана көп жөө адам өтүүчү өтмөктөр пешеходный знактарга муктаж, белги шамдар дагы көп жерлерге коюлушу зарыл
+2
-Aybek18
2023-09-21 23:32:00
Бийлик, элдин эсебинен бюджетти толтуруп жатат, ишенген Кумтөрдүн Ксы дагы калбай жеп кетишкен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан