Белград: Эми америкалык балбан Олимпиада чемпиону Сидаков менен кол алышпай койду

2020-жылкы Олимпиада чемпиону Заурбек Сидаков Белградда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунун финалында атаандашынын жүрүм-турумуна баа берди.

Финалда Сидаков америкалык Кайл Дейкти 10:7 эсебинде жеңди. Муну менен 27 жаштагы Сидаков дүйнөнүн үч жолку чемпиону болду.

"Мен бардык атаандаштарымды сыйлайм. Америкалык балбан мага сыйлабастык менен мамиле кылды. Мен ага адамдык мамилемди көрсөткүм келди жана аны килемде дагы, көчөдө дагы көрсөтөм. Ошондуктан бүгүн ийгилик мен тарапта болду.

Дейк мага эмне кылды? Килемдин өзүнүн нюанстары бар. Мисалы, кол алышпоо сыйлабастык. Же аны чын жүрөктөн жасабоо. Беттештен кийин мен ага кол сунсам ал кабыл алган жок", - деди Сидаков "Матч ТВ" телеканалына берген маегинде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан