Бейшембиге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 21-сентябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсүн +6…+11, күндүз +17…+22 градус болсо,

Талас жергесинде түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19 даражага жетет.

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25,

Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +13…+18,

Нарында облусунда +2…+7, күндүз +13…+18.

Борбор калаа Бишкекте түнкүсүн жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11, күндүз 20…22.

Ал эми батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан