Алып баруучу Санжар Мыкыев блогер Гүлзат Мамытбектин айткандары боюнча кайрылуу жасады.
Кайрылуусунда ал Гүлзат Мамытбекке унчукпай чыдап келгенин, бирок ал калп айтканда аргасыз кайрылуу жасап жатканын билдирди.
"Гүлзат Мамытбектин сөздөрү мага гана тиешелүү болсо мен чыдап бермекмин. Бирок бала-чакама, кыздарыма, апама, жети атама чейин каргап жатасыңар. Гүлзат эжекем "Санжар Мыкыев мени эмнеге жаман көрөт" деп айтыптырсыз мен аябай таң калдым. Иш-чараларда жолугуп, күлүп учурашып эле жүрбөйбүзбү. Билбейм эжеке эмнеге антип айттыңыз.
2000 адам, бүт блогерлер, професионалдуу съемка болуп жаткан жердегини такыр калп кылып айтыптырсыз. Элдин жалпы оюн манипулияциялап, мени ит эле кылдыңыз", - деди ал.
Ошондой эле Санжар Мыкыев Гүлзат Мамытбекти сотко бере тургандыгын айтты.
"Эжеке мен сизди сотко берейин деп жатам. Азыр милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылам. Анткени сиздин айткандарыңыз калп. Бул жерде жаш уюштуруучулар. Чоң акчаны коротуп конференция уюштуруп, Кыргызстандын деңгээлин, кыргыздын жаштарынын деңгээлин көтөргөнгө аракет кылып жатса, сиз чыгып эмне дедиңиз. Казакстанды аябай мактап, "Кыргызстан Орусия менен Казакстандан 20 жылга калып кетти", "Микрофонумду Санжар жулуп алды" дейсиз. Биз сизге эмне кылдык?", - деди Мыкыев.
Буга чейин блогер Гүлзат Мамытбек социалдык тармактагы баракчасы аркылуу ыйлап кайрылуу жасаган. Кайрылуусунда ал иш-чаранын уюштуруучулары ал сүйлөп жатканда микрофонун алып койгонун айткан.