Бүгүн Ысык-Көлдө сел жүрдү. Тазалоо иштери жүрүүдө

Бүгүн, 20-сентябрда Ысык-Көл районунда сел жүрүп, анын кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, Ысык-Көл районунда саат 12:00 чамасында кокту-колоттордон келген сел суулары Чолпон-Ата шаарындагы жана Бактуу-Долоноту, Темировка, Корумду айылындагы турак үйлөрдүн короолорун жана ички чарбалык жолдорун каптаган.
Буга байланыштуу 50 куткаруучу, 1 экскаватор, 1 мотопомпа, а/а 1 экскаватор, 1 жүктөгүч, 1 грейдер, 3 экскаватор болуп, жалпы 7 техника тартылган. Мындан сырткары, ыкчам топ иштөөдө.
Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызгидромет кызматы шашылыш билдирүү таратып, 20-22-сентябрь күндөрү өлкөнүн аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, 20-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, айрым жерлерде катуу жаашы, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөрүн билдирген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан