Бүгүн, 20-сентябрда Белградда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун төртүнчү күндүк беттештери уланууда.
Дүйнө чемпиондугуна 68 килограмм салмакта катышкан Мээрим Жуманазарова алгачкы жүрүшүн 1/16 финалда баштады. Анда ал перулук Янет Соверо Нино менен кез келип, атаандашын 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.
Муну менен Мээрим Жуманазарова 1/8 финалга чыкты.