Бишкекте такси жүргүнчүсүнөн баңгизат табылды

Бишкекте таксинин жүргүнчүсүнөн баңгизат табылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген жарандын Hondа үлгүсүндөгү унаасы токтотулуп, анын ичинен жүргүнчү катары Жалал-Абад облусунун 1995-жылы туулган тургуну кармалган.
"Унаадан кинологиялык изилдөөнүн жүрүшүндө арткы отургучтун астынан целлофан пакет менен оролгон таңгак табылган, анда "гашиш" баңгизатынын 30 даана кутучасы болгон. Кармалган дарынын жалпы салмагы 328 граммды түздү",- деп айтылат маалыматта.
Аталган факт боюнча Кылмыш-Жаза Кодексинин 1-беренесинин 282-бөлүгүндө (сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан