Белград: Айсулуу Тыныбекова экинчи атаандашын 1 мүнөткө жеткирбей утту

Бүгүн, 20-сентябрда Белградда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун төртүнчү күндүк беттештери уланууда.

62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова алгачкы жүрүшүн 1/16 финалда баштаган. Анда Айсулуу Тыныбекова польшалык Александра Волчинская менен кез келип, беттеш бүтөрүнө бир мүнөттөн ашык убакыт калганда атаандашынын далысын жерге таза басып, мөөнөтүнөн мурда жеңишти камсыздады.

Муну менен Айсулуу Тыныбекова 1/8 финалга чыкты. 1/8 финалда Тыныбекова молдовалык Мариана Чердивара менен кез келип, атаандашын 49 секундда далысын жерге таза басып, жеңишке жетти.

Муну менен Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпиондугунун 1/4 финалына чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан