Кыргыз балбан кызы Мээрим Жуманазарова Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалында жаракат алгандыгына байланыштуу турнирден четтеди.
Жуманазарова 1/8 финалда украиналык балбан менен күрөшүп жатып, колун кайрып алган. Бирок ал беттеште жеңишке жеткен.
1/4 финалда Мээрим Жуманазарова япониялык Ами Ишии менен беттешмек. Бирок алган жаракатына байланыштуу беттешке чыга алган жок.